Жалал-Абад шаарында турак жай өрттөнүп, 1 адам каза болду

Жалал-Абад шаарында турак жайдан чыккан өрттөн 1 адам каза болуп, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Жалал-Абад шаарынын Жамашев көчөсүндөгү турак жайдан өрт чыкканы тууралуу маалымат кечээ, 14-декабрь күнү саат 21:55тер чамасында келип түшкөн. Маалымат кеч айтылгандыктан, өрт өчүрүү кызматкерлери барганча эле өчүрүлгөн. Бирок тилсиз жоонун кесепетинен 67 жаштагы А.Т. аттуу аял каза болуп, дагы бир эркек адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tttalant
2017-12-15 10:06:58
Кудай сактасын айтырбай келген кырсыктан
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан