Сапар Исаков МАИчилерди шылдыңдоону токтотууга чакырып жатып мисал кылган видео кызуу талкууга түштү

Премьер-министр Сапар Исаков айткан айдоочу жана жөө жүргүнчү тарабынан шылдыңга кабылган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери тартылган видео окурмандар тарабынан порталга жүктөлдү.

Ал видео унаанын ичинен тартылып, Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери айдоочу менен сүйлөшүп жаткан жеринен башталат. Анда ал айдоочуга жөө жүргүнчүнү жолдон өткөрбөй койгонун айтып, унаага тиешелүү документтерин көргөзүүнү талап кылат. Айдоочу милиция кызматкерине документтерин көргөзбөстөн жол эрежесин бузганын далилдеп берүүсүн талап кылууну уланта берет. Алардын талашына камера көтөргөн дагы бир адам кошулуп, аталган жөө жүргүнчү ал экенин, ага айдоочу жол бергенин айтып Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерин күнөөлөөгө өтүшөт. Милиция кызматкери жөө жүргүнчүгө анын окуя болгон жерден эмес, башка багыттан келгенин айткан. Айдоочу менен жөө жүргүнчү анын сөзүн кулактарына илбей талаш-тартышты уланта бергендиктен аларды коё берип, ары көздөй басып кеткен.

Айта кетсек, кечээ, 14-декабрда премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугун сактоо боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерин шылдыңдоону токтотуу керек деген пикирин билдирген.

"Бир нече күн мурун мен интернеттен бир видеодо көрдүм. Анда Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери жолдо бир унааны токтотуп, ага "жөө жүргүнчүнү жолдон өткөрбөй койдуңуз" деп так, сылык мамиле жасап, бардык талапты сактап кайрылып жатат. Айдоочу жол эрежесин бузганын моюнуна алган жок. Ал жерге дагы бир адам келип ал жөө жүргүнчү мен болчумун, мени өткөргөн болчу деп жатат. Кийин алар кетип бара жаткан Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерин шылдыңдап күлүп жатышат. Бул кадамдары менен алар бийлик өкүлүн шылдыңдашууда.

Ал эми алар шылдыңдап жаткан кызматкер ошол жерде коомдук тартипти сактоо үчүн турат. Мындан кийин биз Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин үстүнөн күлүп шылдың кылууга жол бербешибиз керек”, - деген премьер-министр.

Айдоочу, МАИ кызматкери жана жөө жүргүнчүнүн талашы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
asankulov12
2017-12-15 16:19:23
Мындайларга куч колдонуп, камап салыш керек болчу.
+12
Kuba_502
2017-12-15 16:19:43
Өзүнүн укугун талашканы жакшы дечи,бирок бул балдар атайын маини план боюнча шылдыңдаганы жакпады.Анан да кыргызча түшүнбөйм деп кыргыз болуп туруп эле жанды кашайтат.Бул Орозбек деген жөө жүргүнчү атайын маилер менен атайын тийиштик кылышат
+17
Baiana
2017-12-15 16:23:21
Сапар Исаков Алга ,Ийгилик
.Эл үчүн иштесеңер эл силер менен !
+17
nazi25
2017-12-15 16:31:04
Жөн эле шылдын кылыптыр байкушту.Маданиятсыздар.
+14
tasnim
2017-12-15 16:35:22
Эшшектер
+7
alina79
2017-12-15 17:42:23
Эби менен шылдындайт да,обу жок, тарбиясыз акмактар десе
+6
jbolotov
2017-12-15 17:52:35
Эми бул бир мисал экен, тескерисинче МАИлер жонокой айдоочуларды "по полной программе" тонойт, колунан келишинче акчасын алууну коздойт. С.Исаковго окшогондорду МАИ тосбойтда,буларга закон иштебейт, закон для бедных.
0
BekAmir
2017-12-15 21:39:20
jbolotov,100% туура
0
qwert123
2017-12-15 22:24:58
jbolotov,туура айттын дос бул жерде калган коменттин баары бийликти мактагандар
0
isabek1977
2017-12-15 18:18:39
Бул акмактарды камап алып андай кийин жол кыймылынын эрежелерин тушундуруш керек.Ошондо дагы эне тилин чанган манкуртка кыргызча тушундум дегиче.Салижан Жигитов айтмакчы копкон кыргызга орусча айтпасан тушунбойт. Буларга окшогон киргиздерге муштум менен тушундуруш керек.
+5
Bekzamann
2017-12-15 18:31:46
Акмактарго ушундай озун звезда кылгандар тозгозду. Эне тилин саткан манкурттарды жазалаш керек ашатып согойун дедим эле сайттын эрежелерине туура келбейтда. Байкуш МАИ кызматкери ал жерде кызматын аткарып жатат бул ХХХХ эшектер атайын тигини шылдындап жатышат. Бул айбандарды жазалаш керек!!!!
+3
qwert123
2017-12-15 22:29:41
Bekzamann,гаи байкуш болбой эле правиланы озу билбейт эгер билсе сразу эле ордуна коймок булар эптеп эле акча сындырмай тааныш билиш менен жумушка келгендер оюнун баары акча акча чындыкты чындап эле айткыла туугандар эки жуздуу болбой тигил балдар бизге чындыкты жеткизип жатышат булардын жузун ачып жатышат коросунор эми планшет алабыз деп биздин бюджеттен миллиондорду коротушат
+2
Ma9
2017-12-15 18:44:38
ушуларды кармагыла айып пул салгыла
+2
Karban86
2017-12-16 00:16:37
Нервине рахмат, мен болгондо атып салсам керек чимкириктерди.
0
Chondobo92
2017-12-16 01:55:45
Ар жактан келген тарчоко эмне жок.жатпайбы ээнен уйундоле каймак жеп шакалат.
+2
dasta
2017-12-16 19:53:32
Гаишник дагы орук екенго катуурак еле айтса болотго
0
Taalaibek.
2017-12-16 20:40:45
Эмнеси болсо дагы далил керек.
0
nurkamilovna92
2017-12-18 05:28:48
Что за издевательство!!!!!!!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан