Гарет Бэйлдин голу "Реал Мадрид" клубун клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалына чыгарды

Испаниялык "Реал Мадрид" футболдук клубу клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалында бразилиялык "Гремио" футболдук клубу менен беттешет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан мелдештин жарым финалында испаниялык "Реал Мадрид" клубу жергиликтүү "Аль-Жазира" клубу менен беттешип 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Анда 41-мүнөттө "Аль-Жазира" клубунун оюнчусу Ромариньонун голуна Зинедин Зидандын шакирттери 53-мүнөттө Криштиану Роналдунун таамай соккусу менен жооптук голду киргизди.

Оюндун аягына 10 мүнөт калганда "Реалдын" оюнчулары чабуулга чыгып, Гарет Бэйлдин голу менен оюнга чекит койду.

Муну менен "Реал Мадрид" клубу финалга чыгып, эми "Гремио" футболдук клубу менен беттешет.

Ал эми 3-орун үчүн беттеште "Аль-Жазира" клубу мексикалык "Пачука" футболдук клубу менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Alinur
2017-12-15 17:22:35
Финалда Реалга ийгилик
+2
almanbetperm
2017-12-15 17:26:55
Силерге эми жеттиби супер, 2 кун болду окшойт бул оюндун болгонуна
+8
Omurbek998
2017-12-15 17:48:49
Реалдын эмики оюну качан болот?
+1
Aisel.
2017-12-15 17:53:40
Omurbek998,
16.12.17
Реал мадрид : гремио
+4
gute
2017-12-15 19:09:40
ЛЧда ПСЖ талкалайт РЕАЛды
-10
azabraza
2017-12-15 19:47:39
Гремио алга
-5
Bakulya97
2017-12-15 22:14:41
Реал Мадрид женет
+2
syimyk-akbulak-2000
2017-12-16 13:57:42
Ел клаассико да барса жеңет
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан