16-декабрда баскетбол боюнча Өлкө чемпиондугунун 2017-2018-жылкы сезону старт алат

Эртең, 16-декабрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда баскетбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугу старт алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына баскетбол федерациясынан билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-2018-жылдын жаңы сезонунда алгачкы жолу 2 лигада мелдештер орун алат. Анда Жогорку Лигада 7 команда таймашса, Биринчи лигада 12 команда күч сынашат. Өлкө чемпиондугунун бардык оюндары Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда орун алат.

Мелдешти Биринчи лиганын командалары 16-декабрда ачса, 17-декабрда Жогорку Лиганын клубдары өз ара беттешет.

Жогорку Лигада катыша турган командалардын тизмеси:

"Гиннес29", "Алга" жана КТУ "Манас", "Политехник", "Тулпар СКИФ", "Мой телефон" жана "Гризли" баскетболдук клубдары.

Биринчи лигада катыша турган командалардын тизмеси:

"Алга 2", "Тулпар СКИФ 2", "Политехник 2", "Цементник", "Тоо Таш", "Политех колледж", "Fire 29", "Токмок", "Кемин", "KG 312", КГЮА, "Манас".

Биринчи лиганын оюндарынын тизмеси:

16-декабрь:

11:00 - "Тулпар 2"-"KG-312";

12:30 - "Политех колледж"-"Цементник";

14:00 - "Кемин"-"КГЮА";

15:30 - "Fire 29"-"КГТУ-2".

Жогорку Лиганын оюндарынын тизмеси:

17-декабрь:

11:00 - "Гинес"-"Манас;

12:30 - мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи;

13:00 - "Политех КГТУ"-"Гризли";

14:30 - "Тулпар"-"Мой телефон".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан