КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Ильяз Андаштын кызыктарга толгон жеке концерти SUPER.KG порталында

14-декабрда SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү эстрада жылдызы Ильяз Андаштын 7-майда болуп өткөн жеке концерти менен толукталды. Ырчы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда жеке концертин берүү үчүн бир канча убакыт бою каражат чогултканын баяндады.

"Концертке көп убакыт даярдангам, баарын өзүмдүн кыялымдагыдай кылгым келген. Концертке баары даяр болуп турса да, кайра-кайра ар кайсыны сурап, толкунданганым эсимде. Жеке концертти коюу оор экенин жана каражат көп кетерин ошондо билгем. Концертке эч ким колдоо көрсөтүп демөөрчү болгон эмес, өзүмө өзүм демөөрчү болуп, тойлордо тапкан акчаларымды чогултуп концерт койгом", - деп билдирди ырчы.

Ырчы сахнага 2007-жылы "Кечикпе" аттуу ыры менен аттанган. Туура 10 жыл өткөн соң анын алгачкы концерти да дал ушул чыгарма менен ачылган. Кеченин өзгөчөлүгү жандуу ойнолгон музыкада, сахнада ырдаган ырчылардын баары жандуу үн менен ырдашканында болгон. Айта кетсек, жеке концерт болгондуктан Ильяз Андаштан тышкары белгилүү ырчылардан Кайрат Примбердиев менен Курал Чокоев гана ырдаган. Ал эми кечени Манас Алыкулов алып барган.

Ильяз Адаштын алгачкы жеке концертин көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан