Эртең Бишкекте дзюдо боюнча "Хан Манастын кубогу-2017" мелдеши старт алат

Эртең, 16-декабрда Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) дзюдо боюнча "Хан Манастын кубогу-2017" мелдеши старт алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча федерациясы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мелдеш Кыргыз жергесинде 8-ирет өтүп, анда Кыргыз өлкөсүнүн, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Армениянын, Грузиянын жана Индиянын мыкты спортчулары катышып 16 медалдар топтому үчүн күч сынашат. Мелдеште 1997-1999-жылы төрөлгөн спортчулар арасында беттештер өтөт.

Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан