Мындан бир жыл мурун, 2016-жылдын 16-декабрында Таш-Көмүр шаарындагы Северный шахтасынын жанында өз алдынча көмүр казып жаткан 4 адамды уранды басып калган. Алардын урандынын астында калганын ошо тегеректе иштеп жүргөндөр байкап, куткаруучуларды чакырышкан. Натыйжада 2 адам куткарылып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилсе, 2 адам куткаруучулар келгиче эле каза болуп калышкан.
Ал жерде иштеп жаткан адамдардын экөөсү Аксы районуна караштуу Кичи-Акжол айылынын тургундары болсо, экөөсү Таш-Көмүр шаарынын тургундары болгон. Каза болгон адамдардын бири Таш-Көмүр шаарынын тургуну Ч.Б. жана Кичи-Акжол айылынын тургуну У.Н. аттуу жаран болгон. Аман калгандардын бири Таш-Көмүр шаарынын тургуну Дамирбек Канатбековдун жамбаш сөөгү сынып кетсе, экинчиси Дайырбек Байыскуловдун омурткасынан жарака кеткен.
"Учурда ден соолугум оңолуп, кара жумушка жарап калдым"
Жаракат алгандардын бири 11 сааттай урандынын астында жаткан Дайырбек Байыскулов ал окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Көмүр казып иштейбиз деп досум Таш-Көмүргө чакырып, барганыма 1 жумадай эле болгон. Биз барган шахтаны кырсык болордон 2-3 күн мурун эле трактор казып ачып, ошол күнү биринчи жолу көмүр казып баштаган элек. Ал шахтада Дамир, Нурбек, Бакыт болуп төртөөбүз иштеп жатканбыз. Эң чуңкур жеринде, 5 метрдей тереңдикте мен иштеп жаткам, калганы ооз жакта болчу. Бир убакта шагыл аралаш топурак көчүп басып калды. Жарым сааттай качан мени чыгарып алышат деп күттүм, анан аба жетпей эсим ооп калыптыр. Шериктеримди топурак баспаса керек, алар жардам чакырып келет деп ойлогом, кийин уксам аларды да басып калган экен. Бир убакта эсиме келсем, үстүмдөгү топуракты казып ачып жатышыптыр. Аларга кыйкырып жаткам, кайра эсим ооп калып, чыгаргандан кийин гана эсиме келдим.
Кийин ооруканага 20 күндөй жатып чыктым. Учурда ден соолугум жакшы эле үйдөгү кара жумуштарга жарап жатам. Кийин көмүр казганы кайра барган жокмун, ал окуя болгондон кийин коркуп калдым. Ал окуядан кийин жазга маал Таш-Көмүр шаарына барып калып мени менен ошол шахтада чогуу иштеп жатканда топурак басып калган Дамирге жолуктум балдак менен басып жүргөн, андан кийин көрө элекмин", - дейт Дайырбек Байыскулов.
Окуя болгондон кийин ӨКМнын куткаруучу отрядынын командири Азан Буланов топурак алдында калгандарды кандай кылып куткарышканын төмөнкүдөй айтып берген болчу.
"Ошол күнү саат 10 жарымдар чамасында бизге шахтада көмүр казып жүргөндөрдөн "бул жерде иштеп жаткандардын машинасы турат, өздөрү жок. Аларды шахта басып калган окшойт" деген маалымат түштү. Ошол замат 20дан ашуун куткаруучу окуя болгон жерге жетип бардык. Биз барган учурда ал жерде иштегендер урандыны ачып, 3 адамдын башын чыгарып коюшуптур, денелери урандынын астында экен. Экөөсү каза болуп калыптыр. 6 сааттын аралыгында үчөөнү алып чыктык. Тирүү жигитти чыгарганыбызда ал бутум деп кыйкырып жаткан, буту сынса керек, аны "Тез жардам" алып кетти, каза болгондорду болсо өлүкканага жөнөттүк.
"Дагы бирөө калды" дешкенинен улам аны да издей баштадык. Кечки саат 11лер чамасында шахта астынан онтогон үн чыгып калды. Ошол жердеги адамдар менен биргеликте казып отуруп, саат 11 жарымдарда шахтанын астында калгандардын төртүнчүсүн алып чыктык", - деп айткан Азан Буланов.
"Жабыркаган адамдар мыйзамсыз иштешип, өздөрү күнөөлүү болгондуктан эч ким жоопко тартылган жок"
Ал адам өмүрүн алган көмүр шахтасы тууралуу Шамалды-Сай, Таш-Көмүр жана Токтогул аймагы боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкармалыгынын башчысы Бекмат Жоомартов кырсыкка кабылган адамдар өздөрү мыйзамсыз иштеп жаткандыктан эч ким жоопко тартылбагандыгын билдирди.
"Аталган кырсыктан кийин биздин, прокуратуранын, УКМКнын, мэриянын өкүлдөрүнөн турган атайын топ түзүлүп ал окуя боюнча иликтөө жүргүзгөнбүз. Бирок ал көмүр шахтасын, кырсыкка кабылган адамдар өз алдыларынча эле казып иштеп жатышкан экен. Юридикалык жактан эч кандай документтери болгон эмес. Ал жерде жабыркандар да, мыйзамсыз иштегендер да өздөрү болуп жатат. Буга байланыштуу жоопкерчиликке эч ким тартылган эмес. Ал эми алар көмүр казып жаткан жер Таш-Көмүр шаарына карагандыктан мэрияга мамлекеттик жер казыналарын жакшылап кайтаруу талабы коюлуп, кат жолдогонбуз. Жергиликтүү тургундарга жана ошол аймакта көмүр кенин казып иштеткен ишкерлерге атайын чогулуштар өткөрүлүп түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", - дейт Бекмат Жоомартов.