"Бажы мыйзамдарын бузуп аткезчилик жол менен алынып бара жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды. Мындай кабарды бүгүн, 15-декабрда Бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.
"Баткен райондук бажы бөлүмүнүн ыкчам иликтөө кызматынын жүргүзгөн текшерүүсүнөн Кызыл-Жол айылындагы Баткен бажы өтмөгүндө Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Анын ичине кароо жүргүзгөндө, 500-1000 литрлик 42 даана желим идиштер алынган. Иликтөөнүн негизинде ал идиштер аткезчилик жол менен өткөрүлүп баратканы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Иликтөө учурунда идиштер Иран өлкөсүнө таандык болгон. Бул иш Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп учурда териштирүү иштери жүрүүдө.