Куралдуу күчтөрдүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрүнүн биринде аскер кызматкери өзүн атып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда SUPER.KG порталына Куралдуу күчтөрдөгү өздүк булактар билдиришти.
Маалым болгондой, 1995-жылы туулган Р.у.Э. аттуу жоокер нарядда турган жеринен өзүн өзү атып каза болгон. "Жоокер эмне себептен улам өзүнө кол салгандыгы тууралуу Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүүдө", - дешти мекемеден.