Кыргыз өлкөсүнүн "Адэм" бий тобу катышып жаткан Asia's Got Talent шоу сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу маалымат сынактын интернеттеги расмий баракчасына жарыяланды.
Маалыматта жазылгандай, сынактын экинчи сезонунун жеңүүчүлөрү калыстардын жана көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү менен аныкталды. Баш байгеге коюлган 100 миң доллар үчүн сегиз финалчы өз өнөрлөрүн тартуулашкан.
Сыйлык индонезиялык "Каргыш тийген Рианна" деген каймана аттуу катышуучуга буюрду. Ал көрүүчүлөрдү өзгөчө номерлери менен таң калтырган.
Экинчи орунга Филиппинден барган DMX Comvalenoz бий тобу татыган. Үчүнчү орун бумбокс стилинде бийлеген Нейл Рей Гарсиага тийсе, "Адэм" бий тобу алдынкы 6 финалисттин катарына кирген.
Эскерте кетсек, буга чейин "Адэм" бий тобу көрүүчүлөрдүн көп добушуна ээ болуп сынактын финалына жолдомо алышкан.
Asia's Got Talent - Борбордук Азиядагы ырчы, бийчи, иллюзионист жана башка өнөрлүү адамдар арасында жаш өзгөчөлүктөрүнө карабай тандалып өткөрүлгөн сынак. Аталган шоу 2015-жылдын 12-мартынан баштап Азия өлкөлөрүндө көрсөтүлө баштаган. Анда атаандаштар 100 миң доллар өлчөмүндөгү байгеге ат салышат.