Бишкекте 27 жаштагы адам спирттик ичимдиктерин чогуу ичип отурган адамдын телефонун тартып алуу үчүн кол көтөрүп, өлтүрүп алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"24-ноябрда Улуттук госпиталга башынан катуу жаракат алган адам түшкөн. Ал алган жаракатынан улам Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза болгон. Кийин маркумдун аты-жөнүн тактоо иштеринин натыйжасында ал 44 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Т. экени белгилүү болгон. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында маркумдун өлүмүнө шектелип 27 жаштагы У.С. аттуу жаран кармалган. Натыйжада У.С. каза болгон А.Т. менен чогуу спирттик ичимдиктерин ичип отуруп, анын телефонун тартып алуу үчүн башына катуу чаап, окуя болгон жерден кетип калганы белгилүү болду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Аталган иш боюнча 104-берене (атайылап ден соолукка зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга жеткирилгенин кошумчалады.