Бүгүн, 16-декабрда Малайзияда өтүп жаткан хоккей боюнча жаштар арасында (U-20) Азиянын чакырык кубогунда Кыргыз хоккейчилери Малайзия курама командасы менен беттеш өткөрөт. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынан билдиришти.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат. Ошондой эле бүгүн Индия менен Филиппиндин курамалары да кез келет. Азыркы тапта Кыргыз хоккейчилеринин эсебинде 6 упай бар.
Буга чейин Кыргыз курамы БАЭнин хоккейчилерин 10:2 эсебинде, Филиппин курамын 12:4 эсебинде жеңип алышкан болчу.