Канадалык миллиардердин жана жубайынын жансыз денеси Торонтодогу өз үйүнүн жер төлөсүнөн табылды. Каза болгон миллиардер Барри Шерман "Apotex" дары-дармектерди өндүрүүчү компаниянын негиздөөчүсү болгон. Бул тууралуу 15-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Полиция жубайлардын өлүмүнүн себептери боюнча расмий маалымат бере элек. Бирок бир үй-бүлөдөгү эки адамдын бир күндө каза болушу түрдүү шектенүүлөрдү жараткан. Ал эми каза болгондордун денесиндеги белгилер, окуя болгон жерден бармак издер табылганы боюнча да маалыматтар бериле элек.
Белгилүү болгондой, Шермандын үйү Торонтодогу өнүккөн баалуу райондун аймагында жайгашкан. Мурдараак анын үйү 7 миллион АКШ долларына сатууга коюлган. Бирок жубайлардын өлүмү боюнча маалыматтар чыгар замат үйдүн сатылышы боюнча жарнама кайра алынган.
Миллиардер Барри Шерман 75 жашта, анын жубайы 70 жаш куракта болгон. Ал 1974-жылы Канададагы дары-дармек өндүрүүчү "Apotex" компаниясын негиздеген. Шерман Канададагы байлар арасында 15-орунда туруп, анын байлыгы 3,65 миллиард доллар экени айтылат.