"Forbes" журналы эң көп киреше тапкан спортчуларды аныктады

Майкл Жордан"Forbes" журналы эң көп киреше тапкан спортчуларды аныктады. Бирок жыл ичиндеги эмес, дээрлик спорттун тарыхындагы. Эгер 1-орунга "Реал Мадриддин" чабуулчусу Криштиану Роналду татыды деп ойлосоңуз, жаңылышасыз. Анткени алгачкы ондуктун катарын көбүнчө баскетбол жана гольф менен машыккан спортчулар ээлеген.

Тизме:

1. Майкл Жордан (баскетбол) - 1,85 миллиард доллар;

2. Тайгер Вудс (гольф) - 1,7 миллиард доллар;

3. Арнольд Палмер (гольф) — 1,4 миллиард доллар;

4. Жек Никлаус (гольф) — 1,2 миллиард доллар;

5. Михаэль Шумахер (автожарыш) — 1 миллиард доллар;

6. Фил Микелсон (гольф) — 815 миллион доллар;

7. Кобе Брайант (баскетбол) — 800 миллион доллар;

8. Дэвид Бекхэм (футбол) — 800 миллион доллар;

9. Флойд Мэйвезер (бокс) — 785 миллион доллар;

10. Шакил О'Нил (баскетбол) — 735 миллион доллар;

Ал эми футболчу Криштиану Роналду 725 миллион доллар кирешеси менен 12-орунга илинсе, Лионель Месси 600 миллион доллар менен 16-орунга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
atanazarov10
2017-12-16 14:39:32
Messi. Ronaldolor jokko
-10
Bek4590
2017-12-16 14:47:23
atanazarov10, Роналду 12-орун, Месси 16-орун деп жазылып туратко.
+7
Dembele84
2017-12-16 14:52:54
atanazarov10,Окубай туруп эле жазышка шашат экенсин да а?
+5
Baiaman07
2017-12-16 14:40:30
Бизде гольф ойнолобу ушул спорт менен машыккандар бай экенго е азаматтар а
+3
Dembele84
2017-12-16 15:02:41
Baiaman07,Бизде деле ойнолот,Кубок Кыргызстана по гольфу деп.Мекени Шотландия,ошолор ойлоп тапкан.Кобунчосу миллионер,миллиардерлер суйуп ойнойт.
+2
Aza030393
2017-12-16 16:43:00
Ана мактанчактар силер замандан артта калып роналду эле дейсинер роналдуну азиатскийлер эле мактабаса мировойдо башкалар)!!
-6
Makkambaev97
2017-12-16 19:35:28
Дуйнолукто да Роналду турат спортсмендер арасында эн популярный
-1
kanima
2017-12-16 19:41:01
булардын көпчүлүгү Америкада популярдуу спорт түрлөрүнөн экен. аларды америкалыктардан башка эч ким тааныбайт деле. алар өздөрүнө өздөрү көп акча төлөп жүрө беришет окшойт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан