ЖЫЛНААМА, 16-ДЕКАБРЬ: Мындан 8 жыл мурун орусиялык спортчу жана шоумен Владимир Турчинский каза болгон

Орусиялык спортчу жана шоумен Владимир Турчинский Москва облусунун Пашуково айылындагы үйүндө 15инен 16-декабрга караган түнү күтүүсүздөн курч кармаган жүрөк оорусунан каза болгон.
Ал 1963-жылы 28-сентябрда Москвада туулган. 4-класстан баштап күрөш менен машыга баштаган. Арадан бир жыл өткөн соң жаш балбан Москванын биринчилигинде күмүш медаль тагынган. Күрөштөн тышкары самбо менен да алектенип, 16 жашында спорттун чеберинин нормативин толтурган. Мектепти аяктаган соң программисттик кесипти тандап, МИИГАга (Московский институт инженеров гражданской авиации) тапшырган. Бул арада советтик армиянын катарында аскердик милдетин аткарып, десанттык бөлүктөрдө кызмат өтөгөн.
Андан соң басылмада сүрөтчү, спорттук журналист (көбүнчө спорттук макалаларды англис тилинен орус тилине которуп жазчу), эт комбинатында кароолчу, жеке фирмаларда коопсуздук кызматкери, орто мектепте башталгыч класстарда мугалим болуп иштеген. Кийин ал орусиялык ырчы Дмитрий Маликовдун жеке жан сакчысы болгон.
Спорт жагынан алып карасак, дзюдо боюнча спорт чебери, күрөштүн 2 түрү боюнча (эркин жана классикалык) да спорттун чеберине талапкер болгон. Ал гана эмес америкалык футбол боюнча “Москва аюулары” командасынын курамында СССРдин чемпиону да болууга жетишкен.
Ошентип күчүн ар тармакта сынап көргөн Владимир сыналгыдан биринчи жолу 1990-жылдардын башында “Гладиаторлордун мушташы” телеберүүсүндө чыккан. Мындан кийин орусиялык белгилүү телеканалдардан алып баруучулук боюнча сунуштар түшө баштаган. Ошентип спортчу шоуменге да айланган.
Андан сырткары актёр катары да өзүн сынап, "Кобра. Антитеррор" (2001, полковник Кошкиндин образын жараткан), "Орусча спецназ" (2002, майор Озолин), "Мекен күтүүдө" (2003, Иван Ковчугин), "Грозовые ворота" (2006, атайын агент), "Аял эмнени каалайт?" (2006, боксчу күйөө), "Эң мыкты тасма" (2008, курал сатуучу), "Аскерлер. Жаңы чакыруу" (2008, прапорщик Боровой), "Атасынын кыздары" (2009, бодибилдер Федя) тасмаларында роль жараткан.
Жашоосунда 3 ирет үйлөнгөн. Артында 1 уул, 1 кызы калган.
16-декабрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан