Бишкекте 29 жаштагы аял жарандык никедеги күйөөсүн пикир келишпестиктен улам бычак менен сайып өлтүргөн деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 15-декабрда болжол менен саат 17:30 чамасында милиция кызматкерлерине борбордо жайгашкан үйлөрдүн биринде күйөөсү менен аялы өз ара жаңжалдашып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган дарек боюнча барган милиция кызматкерлери ал жерден киши колдуу болуп каза болгон эркек адамдын жансыз денесин табышкан. Иликтөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары аны менен жарандык никеде турган 29 жаштагы Р.З аттуу аял кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Р.З маркум менен жаңжалдаша кетип, жыйынтыгында бычак менен сайып өлтүрүп алганы белгилүү болгон.
Ага 97-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.