Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды

Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, 5 адам жаракат алып ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, кырсык бүгүн, 16-декабрда саат 18:30дар чамасында катталган.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында Хундай Гетз жана Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаалар катышкан жол кырсыгы катталды. Анын натыйжасында Хундай Гетз үлгүсүндөгү унаада бара жаткан 3 адам, Хонда Степвагон унаасында бара жаткан 2 адам каза болгон. Дагы 5 адам ооруканага жеткирилген", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Андан сырткары алдын ала маалыматтар боюнча Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа Бишкек шаарынан Аксы районуна бара жатканы, Хундай Гетз үлгүсүндөгү унаа болсо Токтогул районунун Үч-Терек айылынан райондун борборун көздөй сапар тартканын кабарлашты.

Ошондой эле учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери жүрүп, каза болгон жана жабыркаган адамдардын аты-жөнү такталып жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Alixan-Nookat.2015
2017-12-16 22:08:45
Жол эрежесин билген эле адамдар Степ вагон менен жол кырсыгына кабылып жатат газды бассаң бул машинанын ылдамдыгы катуулап кете берет экен. Убакыт келди он рулдуу унааларга тыюу салууга
+11
KUBI
2017-12-16 22:20:44
Каза болгондордун жакындарына сабыр тилейбиз. Он рулдуу автолорду тыябы же ушинтип кырылып калабы.
+3
Kanzada97
2017-12-16 22:26:40
Менин оюмча машиналардын оң руль же сол рулга карабайт , андан көрө Кыргызстан боюнча тез тез Куран окуп түлөө өткөзүп туруш керек.
+5
Kanzada97
2017-12-16 22:27:33
Бир четида Ош Бишкек аба каттамын арзандатыш керек
+14
Alinur
2017-12-16 22:56:27
Жаман болуптур Аллах откондордун жайын жаннаты кылсын, жакындарына сабыр
+2
Aruwka.89
2017-12-16 23:23:50
Жаратканым бейишин берсин эмне дней алабыз жакындарына сабыр берсин
+2
Ibrahim1122
2017-12-16 23:25:02
Кырылып жок болмой болдук го
+2
mirkaa5182
2017-12-16 23:32:09
Жолдогу кырсыктар оң рул,сол рулга карабайт, айдоочулар билим деңгээлинин жетишсиздиги,обгон кылганда, катуу ылдамдыкта айдаганда болот көбүнчө.
+4
jbolotov
2017-12-17 00:04:17
Катуу айдгандарга ото катуу чаралар корулбосо болбой калдыго. Маймыл деле мотоцикл айдай алат, бирок даракты сузот. Катуу айдаган адамдардын тушунугу маймылдыкындай болуп ататда, жол тайгалак, жоопкерчиликти ойлобойт
+3
ilgizk
2017-12-17 00:37:09
Туугандарына сабыр
Бирок машинада эмне айып, оңбу солбу аны акылы бар адам башкарып кетип атпайбы
+1
KOCMOC
2017-12-17 00:48:21
Кыргыздар жол кырсыгынын айынан эле кырылып калат экенбиз да ээ?! Конкретный чараларды корушпойбу креслодо отургандар! Жайлары жаннаттан болсун...
+2
nurbekasr
2017-12-17 00:51:29
Жаман иш болуптур,жакындарына сабыр.5 эмес 7 адам кайтыш болду деп жатышат го.
+1
Jaziko80
2017-12-17 04:14:41
Азыр окубай эле праваны сатып алгандар толтурада. Авария коп болуп жаткандын белгиси.
+1
Hut.81kg
2017-12-17 08:14:42
Жакындарына Аллах сабр берсин
0
talaa11
2017-12-17 10:28:40
Машинада гуноо жок геп айдоочулардан болуп жатат катуу айдашат же праваны сатып алып сразу рульга отурушат такси кылабыз дешип
+3
meni_kut
2017-12-17 20:39:38
talaa11,стептер учуруп айдашат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан