Жакында белгилүү Голливуд актрисасы Мерил Стрип Калифорниядагы Пасадена шаарынан 3,3 миллион долларга хан сарай сатып алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 1 кабаттуу хан сарайдын сыртында кооз бакча жана бассейн жайгашкан. Аянты 280 чарчы метрди түзгөн үй 1959-жылы салынган. Анын терезесинен Сан-Гейбриел тоолору көрүнүп турат.
Үй япон стилинде салынган: жашыл бак-дарактар менен курчалган имарат, 3 уктоочу, 3 жуунуучу бөлмө, кичинекей иш кабинети жана конок бөлмөдөн турат.
Бөлмөлөрдүн шыптары жыгачтан жасалып, полдордо өтө чоң эмес килемдер орун алган. Шаардын ызы-чуусунан чарчаганда терезеге баш багып, сырттагы кооз айланага көз чаптырып эс алууга чоң өбөлгө түзүлгөн.