Британиялык GQ журналы эң табитсиз кийинген атактуулардын тизмесин жарыялады. Белгилүү болгондой, тандоого белгилүү дизайнерлер Жоржо Армани менен Пол Смит жардам беришкен.
Тизменин сап башынан буга чейин эң сексуалдуу эркектердин катарына кирип жүргөн "Так талашуу оюндары" сериалынын актёру Кит Харингтон орун алган. Чынында анын кийинүү стили өтө деле начар эместей көрүнөт. Бирок стилисттер актёр чынында табитсиз кийинерин айтышкан.
Андан соң актёр жана жазуучу Пол Мертон, блоггер Shmee150, музыкант Стивен Моррисси, видеоблоггер Феликс Чельберг, бизнесмен Илон Маск жана башкалар да тизмеден өз ордун табышкан. Ал эми эң мыкты стилдин ээси деп актёр Мэтт Смит табылган.