Хоккей боюнча Азиянын чакырык кубогу: Кыргыз хоккейчилери Малайзиянын курама командасына 6:1 эсебинде жеңилип калышты

Кечээ, 16-декабрда Малайзияда өтүп жаткан хоккей боюнча жаштар арасында (U-20) Азиянын чакырык кубогунда Кыргыз хоккейчилери Малайзия курама командасы менен кез келип, 6:1 эсебинде жеңилип калышты. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө Кыргыз хоккейчилери эсепти ачкан менен биринчи бөлүк малайзиялыктардын пайдасына 4:1 эсебинде аяктады. Ал эми экинчи бөлүк 1:0, үчүнчү бөлүк да 1:0 болду. Азыркы тапта Кыргыз хоккейчилеринин эсебинде 6 упай болсо, Малайзияда 9 упай бар.

Бүгүн, 17-декабрда Кыргыз курамы Индия менен беттешет.

Буга чейин Кыргыз курамы БАЭнин хоккейчилерин 10:2 эсебинде, Филиппин курамын 12:4 эсебинде жеңип алышкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nurgaz
2017-12-17 08:39:38
Ойной албасанар барып эмне кыласынар кыргызстанды уят кылып
-6
pyeon hwa
2017-12-17 08:48:40
nurgaz, Уят кылган жок шугур! Баарынан утулса бир жон!
+3
Kattaldym
2017-12-17 09:05:37
nurgaz,озум эле барбай дейсинби?)
+2
Aruwka.89
2017-12-17 09:37:55
nurgaz,ойлонуп суйлосон кичине
0
nurgaz
2017-12-17 10:03:15
Aruwka.89, ушул хоккей ойной албаган командалардан женилсе, чехия, швеция, россия, канада менен ойнобой эле коюш керек, уят эле.
0
Dembele84
2017-12-17 12:41:19
nurgaz,алар го биринчи таймда эле 20 гол урат бизге.
-1
lordoflove94
2017-12-17 14:58:38
nurgaz,уятты сага ким койду. Баары акырындык менен колдоо жок ошончо ийигиликтерге жетип жатат
+1
admin_superstan
2017-12-18 09:59:11
nurgaz, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан