ЖЫЛНААМА, 17-ДЕКАБРЬ: Чоңдордун жашоосуна эрте аралашкан америкалык актриса Милла Йовович 42 жашка толду

Америкалык актриса жана фотомодель Милла Йовович 1975-жылы 17-декабрда Украинанын Киев шаарында актриса Галина Логинова менен дарыгер Богдан Йововичтин үй-бүлөсүндө туулган. Толук аты-жөнү - Милица (Милла) Богдановна Йовович.

5 жашында үй-бүлөсү менен Лондонго, андан кийин Калифорнияга көчүп барышкан. Калифорнияда мурунку дарыгер менен актриса жумуш таппай жүрүп, жөнөкөй үй кызматкерине айланышат. Алар үй-бүлөсү менен белгилүү кинорежиссёр Брайн де Пальманын вилласында кызмат өтөшкөн.

Болочок актриса АКШ­га келгенде Милица эмес, Милла болуп алган. Ата-энесинин режиссёр Брайндын үй кызматкери болушу Милланын шоу-бизнеске келүүсүнө бирден-бир себеп болгон, анткени режиссёр үйүндө түрдүү кечелерди уюштуруп турчу. Кечеде кызмат кылып жүргөн Милланын сулуулугуна “Prima” моделдик агенттигинин сүрөтчүсү суктанып, бир нече кадр тартып алат. Кийинчерээк ал сүрөттөрдү аталган моделдик агенттиктин менеджери Жефри Даш көрүп калып, кызды тез эле жумушка алууну туура көрөт. Ал кезде Милла 11 жашта гана болгон.

Тез аранын ичинде атактуу моделге айланганы Милланын актриса болуусуна шарт түзөт. Миллага тасмага тартылуу боюнча көптөгөн сунуштар түшө баштайт. Ошентип анын дебюту 13 жашында “Эки айдын кошулушу” деп аталган эротикалык мелодрамада болгон. Мындан көп өтпөй ал жарым жылаңачтанып “Көгүлтүр көлгө кайтуу” тасмасына тартылат. Албетте, мындай тасмадагы ролу үчүн чоң суммадагы акча төлөнгөн. Ошентип Йовович 15 жашында эле таанылып, миллион доллар иштеп тапкан.
Актриса 3 жолу турмушка чыгып, алгачкы экөөсү менен кайра ажырашкан. Акыркы жолдошу режиссёр Пол Андерсон менен 2 кыздуу болуп, азыркыга чейин бактылуу жашап келишет.
Актриса тууралуу кызыктуу фактылар:
  • 12 жашка чейин актрисанын сүрөтү 15тен ашуун белгилүү журналдардын башкы бетине жарыяланган;
  • Милла Йовович биринчи жолу 16 жашында ата-энесинен качып, актёр Шон Эндрюска турмушка чыккан. Бирок бойго жете элек кызынын кылыгына ачууланган ата-эне 2 айдан соң алып келип алышкан;
  • 1996-жылы "Бешинчи элемент" тасмасына тартылуу үчүн кастингге катышып, өтпөй калган. Бирок арадан көп өтпөй тасманын режиссёру Люк Бессон менен мейманканалардын биринен кездешип калып, дагы бир жолу өзүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк сураган. Жыйынтыгында аталган фильмде роль гана жаратпастан, режиссёрго турмушка да чыккан;
  • Англис, орус жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт. "Менин ата-тегим орустар. Мен өзүмдү Америкада чоңоюп калган орус кызы сеземин. Үй-бүлөбүз менен да дал ушул тилде сүйлөшөбүз. Бирок мени украин кызы дегендер жаңылышат. Мен эч качан өзүмдү украиналык сезип көргөн эмесмин", - дейт актриса.
  • Тамак жасап, көп убактысын ашканадан өткөрүүнү жактырат;
  • Сологой;

17-декабрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Akjolmaga
2017-12-17 12:04:34
Жанмтда мага Мила
+1
Nibiru.
2017-12-18 13:34:43
Мейманканада удачно таанышкан экен да )))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан