Белгилүү актёр Ричард Гирдин 3-ирет үйлөнө турганы айтылууда

Американын белгилүү актёру Ричард Гирдин 3-ирет үйлөнө турганы айтылууда. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, 68 жаштагы актёрдун сүйүктүүсү 34 жаштагы испаниялык укук коргоочу Алехандра Сильва. Жакында эле папараццичилер түгөйлөрдүн испаниялык парламентке чогуу кирип бара жатышканына күбө болушкан. Анда укук коргоочу үй-жайсыз калган адамдардын укугу боюнча сөз сүйлөгөн.

Ошондой эле Сильванын манжасындагы нике шакек көптөрдүн кызыгуусун жараткан. Мындан улам журналисттер, демек, актёр сүйүктүүсүнүн колун сураган деген жыйынтык чыгарышкан. Ал эми Гирдин пресс-катчысы актёр бул маалымат боюнча эч кандай билдирүү таратпай турганын билдирген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aitun
2017-12-17 15:12:47
Карышкыр карыса бир койчолук кучу бар....
+1
Aruwka.89
2017-12-17 16:26:30
Аябай карыптыр ии
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан