Орусиялык ырчы, алып баруучу, модель, “Аалам периси” наамынын жеңүүчүсү Оксана Фёдорова 1977-жылы 17-декабрда Орусиянын Псков шаарында туулган. Юридикалык билим алып, милициянын майору болгон. Ал "Санкт-Петербург периси" (1999), "Орусия периси" (2001) наамдарын багынтып, 2002-жылы "Аалам периси" деп табылган. Бирок окуусуна байланыштуу "Аалам периси" наамынан баш тартып сенсация жараткан.
Сулуу мектепти бүткөндө модель болууну көздөгөн эмес. Көпчүлүк күтпөгөн милиция кызматкерин даярдоочу орто окуу жайына тапшырган. Бул тандоосуна таятасы себепкер болгон. Себеби ал өз убагында Орусияга аты кеңири таанымал аскер кызматкери эле. Милиция мектебин аяктаган соң Санкт-Петербургдагы ИИМдин университетине тапшырган. Окууну артыкчылык диплому менен бүтүрүп, аспирантурага тапшырып, билимин тереңдетүүнү туура көрөт. Учурда ал юридика илимдеринин кандидаты, милициянын майору. Бул наамга ал окуусун бүтүп, иштеп жүрүп жеткен.
Студент кезинде окуу жайлар арасындагы сулуулар сынагына катышып, дайыма жеңишке жетишчү. Мисалы, “Санкт-Петербург сулуусу” сынагынын жеңүүчүсү болгон. Андан кийин жакындарынын сунушу боюнча “Орусия сулуусу” сынагына катышып, биринчиликти илип кеткен. 2002-жылы АКШда өткөн “Аалам периси” сынагына катышуу сунушун алган. Анда Оксананын сынакка катышуу оюнда да жок эле. Анткени ал диссертациясын жактоого камынып жүргөн. Сынакка аз калганда уюштуруучулар Орусиянын атынан Оксананын барарын айтып, керектүү документтерди топтоп жөнөтүшкөн. Сынакта калыстардын “сенин бетиңди эмне алоолонтуп кызартат?” деген суроосуна: “Маанилүү учурда керексиз сөздү сүйлөп алганда кызарам”,- деп кызарып кеткен. Калыстар муну баалап, аягында "Аалам перисинин" таажысын орус кызы Оксанага ыйгарышкан. Ошентип ал өз өлкөсүнүн тарыхында 1-жолу бул чоң сыйлыкка жетишкен.
Ошол кездеги сенсация анын сыйлыкты алышында эмес, андан баш тартканында болгон. “Эмнеге?” деген суроого "Аалам периси": “Мага баарынан да диссертациямды жактоо маанилүү. Мен аны бул жылы жакташым керек”, - деген.
“Аалам периси” наамын алган Фёдорова мекенине кайтып келгенде жогорку деңгээлдеги түрдүү иштер сунушталган. Алардын бири – алып баруучулук. Бирок “Жылдыздар фабрикасы” долбоорун алып бар” деген сунушка макулдугун бербей койгон. Ал эми бала чагынан сүйүп көргөн "Түнүңөр бейпил болсун, бөбөктөр" аттуу балдар берүүсүн алып баруу сунушу түшкөндө ойлонбой туруп макулдугун берген. Кийин “Алтынчы күнү кечинде” музыкалык телеберүүнү да алып барып жүргөн.
“Оксананын “Аалам перисинен” баш тартканынын чыныгы себеби башкада” деген маалымат ошондо эле тараган. Бир жыл бөтөн өлкөдө жүрүүгө макулдугун бербеген кримавторитет мырзасынын каалоосу боюнча баш тартып келе бергени айтылган. Ал ким экени учурунда жашыруун болчу. Бирок кийинчерээк Питердеги абройлуу ишкер Владимир Голубев (Голубь же Бармалей деген лакап ат менен таанымал) экени билинген.
"Фёдорова өзүнөн 22 жаш улуу, үй-бүлөлүү киши менен 16 жашынан баштап мамиле түзгөн" дешет орус басылмалары. Голубев бул чырайлуу перини сулуулар сынагында көрүп, көзү түшүп калат. Жаш сулууга жетүү үчүн колундагы байлыкты бүт колдонгон.
Ал жөнүндө сулуу: "Владимир экөөбүз жети жыл бирге болдук. Менин жашоомдун өзгөрүүсүнө анын ролу чоң. Эгер "жашоодо идеалдуу мырза барбы?" деп сурашса, Владимирди ошол образга жакын деп айтмакмын. Бирок экөөбүздүн сонун күндөрүбүз артта калды. Азыр биз жакын доспуз",- деген ал.
Андан кийин "Жылдыздар менен бийлөө” теледолбооруна катышып, өнөктөшү Александр Литвиненко менен мамиле курган. Эл арасында алардын үйлөнөрү тууралуу маалымат тарап турган кезде немис ишкери Филипп Тофтко турмушка чыгат. Ошондо бийчи жигит “жашоодо жомок жок. Айымдар дайыма колунда бар байды тандашат” деген сөздү айтып тим болгон. Кийин Оксана немис жолдошу менен мыйзамдуу түрдө ажырашып, орус ырчысы Николай Басков менен мамиле курган. Экөө кол кармашкан соң Фёдорова ырчы болуп чыга келип, “Бир кадам алга” аталышындагы ырына клип тарттырган. Ал эми 2011-жылы Андрей Бородин аттуу мырзага турмушка чыгып, 1 уул, 1 кыздуу болгон. Кийин жолдошунун фамилиясына өтүп, Оксана Бородина деген ат менен чыга баштаган.
17-декабрдын жылнаамасы.