Бүгүн, 17-декабрда көпчүлүккө "Кыз-Жибек" тасмасындагы Төлөгөндүн образы аркылуу таанымал казактын белгилүү актёру Куман Тастанбеков дүйнө салды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, мындай маалыматты "Казакконцерт" мамлекеттик концерттик уюмунун жетекчиси Асхат Маемиров билдирген.
"Куман Тастанбеков бүгүн каза болду. Жарык жүздүү инсандын жүрөгү токтоп калган. Казак эли маданиятка болуп көрбөгөндөй салым кошкон уулун жоготту", - деген ал.
Айта кетсек, Куман Тастанбеков 1945-жылы 10-мартта жарык дүйнөгө келген. Казак элинин Эл артисти 1969-70-жылдары тартылган "Кыз-Жибек" тасмасындагы ролу аркылуу атактуулукка жеткен. Андан соң "Сүйүү жаңырыгы", "Алдар Көсө", "Көчмөн" жана башка фильмдерге тартылган.