Орусияда полиция кызматкери 19 жаштагы кызды өгөй атасы аткан октон сактап, өзү каза болду

Орусиянын Дивногорск шаарында полиция кызматкери 19 жаштагы кызды өгөй атасы аткан октон денеси менен тосуп, өзү каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 16-декабрдан 17-декабрга караган түнү болгон.

Полиция бөлүмүнө 19 жаштагы кыз чалып, аны өгөй атасы үйүнө киргизбей жаңжал кылып жатканын айткан. Окуя болгон жерге барган эки полиция кызматкери батирден бир кыздын жардам сурап кыйкырганын угушуп, бири үйдүн терезесин кайтарып калып, экинчиси эшиктен батирге кирет. Батирдин ичинде өгөй атасы кызына мылтык такап турганын көргөн полициянын ага сержанты Денис Сумин кызды түртүп жиберген. Ошол учурда мергенчилик мылтыктан аткан өгөй атанын огу полиция кызматкерине тийип оор жарадар болгон. Батирге кирип барган экинчи полиция кызматкери да кылмышкердин аткан огунан жеңил жаракат алып, жабыркаган кыз менен оор жарадар болгон шеригин алып чыгууга үлгүргөн.

Окуя болгон жерге келген башка полиция кызматкерлери үйдүн ичинен октон каза болгон кыздын апасын жана өзүн-өзү атып салган өгөй атасынын жансыз денелерин алып чыгышкан. Ал эми жарадар болгон эки полиция кызматкери ооруканага жеткирилген. Бирок өгөй атанын огунан 19 жаштагы кызды сактап калып, өзү оор жарадар болгон полициянын ага сержанты Денис Сумин каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
gute
2017-12-17 18:48:58
Герой наамын бериш керек. Мындай Милициялар чанда гана кездешет. Кыргызстанда тем более жок
+63
sarento
2017-12-17 18:53:27
gute,олгондон кийин герой берип толк жок го.
-20
suyor
2017-12-17 19:19:54
sarento,урпактары келечекте сыймыктанып журот, качып баратып ок тийип олду дегенге караганда алда канча жакшы
+33
raykray
2017-12-17 20:21:34
sarento,эмнеге ойлонбой кыйын болоберебиз?!!! Баатыр наамын алса олсоделе эскерилип келечекке улгу болотко, биздикилерэчакырганда барсаделе сыртта карап турмак бизде аз
+16
Isco23
2017-12-18 00:35:51
sarento,анда чолпонбай тулобердиев суймонкул шопокторду жонле киши дейт экенбиз да
+3
kechirmeni
2017-12-18 10:54:12
gute,Герой же уй булосуно туболук жардам бериш керек пенсиядай кылып
+5
General.kg
2017-12-17 19:15:35
Аскердик чинин көтөрүш керек кеч болсо да. Азамат.
-8
islamik
2017-12-17 19:27:32
Оз милдетин так аткарыптыр эр журок экен.
Тиги огой ата дегени жашоодон тажаса озун эле атавербейби аялдарды олтурбой
+22
aliya-leyla
2017-12-17 19:32:36
Кинодой эле болуптур. Эр журок милиция экен
+21
Suerkul.88
2017-12-17 21:05:04
Бир алла билет озун озу олтурду дейт иттер тазалап койдубу козун
+7
akonia
2017-12-17 22:14:38
Тарыхта кала турган иш кылыптыр
+5
Bekboloooot
2017-12-17 23:33:43
Ооба!
Эрдик көрсөттү жарандын өмүрүн сактап калды бул милиция кызматкери!
+4
Fidel
2017-12-17 23:57:11
Бири олуп бири калсын! Чын журоктон баарибир! Кыргызстанда болбогондон кийин мага демектуу Путинди атып салсын!
-9
Malik92
2017-12-18 00:41:13
Бир өкүнүчтүүсү каапырлардын бара турган жери түбөлүк тозок.
-9
Matahara1980
2017-12-18 06:48:36
Malik92, тантырабагылачы, силер билип коюптурсунарбы кимдин каяка барарын
+5
amirrus
2017-12-18 09:26:26
Арабызда ушундай жакшы адамдар бар учун жер которуп турат баарыбызды,жигиттин ишин кылыптыр бул иш ар кимдин эле колунан келе бербейт.
+3
amirrus
2017-12-18 09:27:53
Биздикилер кочодо жакалашканды арачалай албайт,куралчанды коргондо...иииий
+6
meliss
2017-12-18 13:45:40
amirrus,боорду эздин
+2
Aima94
2017-12-19 03:48:44
amirrus,ошо да. Путин өмүр бою бага турган үй бүлөсүнө акча бөлуп дагы эр жүрөк наамын берет. Биздикилер челектей болуп кылмышкерлердин артын кууп жетмек түрсүн бышылдап баса алышпайт
0
Kyrgyz06
2017-12-18 13:48:05
бизде да милиция жардам Берген окуялар коп аларды эч Ким чыгарбайт МВД нын пресс службасы иштебейт Нол мен жонокой жаран эки жолу кубо болгом пресс службасы кандай эле билбейт,беш жыл мурун Москва эркиндик коч.кесилишинде уч жаштагы орус улутундагы кыздын жанында эки ППС тин кызматкери турушуптур ал кыз жакшы суйлой да албайт садиктен чыктынбы лесе башын ийкейт саат 6 кечки карангы садиктен кийинип алып чыгып кетиптир садике барсак бизде балдар бардыгы ордунда деп коюушат кебелбей рахмат дешбеди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан