Бишкекте милициянын кенже сержантын сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 17-декабрь күнү саат 15:00 чамасында Бишкек шаарынын Масалиев көчөсүнөн Түштүк дарбазасына кире бериш жерде болгон. Анда белгисиз айдоочу Лексус LX-470 үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кенже тескөөчүсү, милициянын кенже сержантын сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
"Ошол эле кезде "Перехват" иш мерчеми киргизилген. Издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иштеринин натыйжасында изин суутпай Бишкек шаарынын тургуну 1998-жылы туулган И.А. аттуу жаран автоунаасы менен кармалып, унаасы атайын унаа токтотуучу жайга киргизилип, чогултулган иш кагаздар айдоочу менен Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран азыркы учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуя болгон жерге "Тез жардам" чакыртылып кенже тескөөчү Бишкек шаарынын №4-ооруканасына жаткырылды. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматында.