Кечээ, 17-декабрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда баскетбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Лигадагы чемпиондук старт алып, анда "Гиннес 29", "Политех КГТУ" жана "Тулпар" командалары алгачкы атаандаштарын жеңди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баскетбол федерациясынын башкы катчысы Тимур Талканбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017-2018-жылдын жаңы сезонунда алгачкы жолу 2 лигада мелдештер өтүүдө. Анда Жогорку Лигада 7 команда таймашса, Биринчи лигада 11 команда күч сынашууда.
Жогорку Лигадагы командалардын тизмеси:
"Гиннес 29", "Алга", КТУ "Манас", "Политехник", "Тулпар СКИФ", "Мой телефон" жана "Гризли" баскетболдук клубдары.
Жогорку Лигадагы оюндардын жыйынтыгы:
"Гиннес 29"-"Манас - 109:51;
"Политех КГТУ"-"Гризли" - 91:54;
"Тулпар"-"Мой телефон" - 83:62.