Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 16-декабрда баскетбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Биринчи Лигасындагы чемпиондугу старт алып, анда "Цементник" командасы атаандашы "Политех колледж" командасын 91:27 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына баскетбол федерациясынын башкы катчысы Тимур Талканбаев билдирди.
Маалыматка караганда, 2017-2018-жылдын жаңы сезонунда алгачкы жолу 2 лигада мелдештер орун алууда. Анда Жогорку Лигада 7 команда таймашса, Биринчи Лигада 11 команда күч сынашууда.
Биринчи Лигадагы командалардын тизмеси:
"Алга 2", "Тулпар СКИФ 2", "Политехник 2", "Цементник", "Тоо Таш", "Политех колледж", "Fire 29", "Токмок", "Кемин", "KG 312", КГЮА, "Манас".
Биринчи Лигадагы оюндардын жыйынтыгы:
"Тулпар 2"-"KG-312" - 77:68;
"Политех колледж"-"Цементник" - 27:91;
"Кемин"-"КГЮА" - 64:67;
"Fire 29"-"КГТУ-2" - 80:53;
"Токмок"-"Тоо Таш" - 58:60.