Бишкек шаарында 2018-жылдын 3-13-январь аралыгында шахмат боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугу өткөрүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Шахмат федерациясынын катчысы Медина Жумашова билдирди.
Анын айтымында, аталган мелдеш 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар жана кыздар арасында өтмөкчү. Мелдештин башкы максаты, жаштар арасындагы Өлкө чемпиондорун аныктоо, Дүйнөлүк жана Азия чемпиондуктарына катыша турган спортчуларды аныктоо, Өлкө аймагында шахмат спортун жайылтуу жана спортчулардын чеберин көтөрүү болуп саналат.
Мелдеш 7 жаш категорияда орун алмакчы, алар 6, 8, 10, 12, 14, 16 жана 18 жашка чейинки категориялар.
Мелдеште 1-орунду ээлеп эң көп упай топтогон спортчулар жаш категориялар боюнча Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышат. Ал эми 2-орунду алган спортчулар, жаш категориялар боюнча Азия чемпиондугуна катышууга мүмкүнчүлүк алат.