Чүйдө "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун лидерлеринин бири кармалды

Чүйдө "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун лидерлеринин бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-декабрь күнү ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында жашаган 11 жарандын үйүн текшерүүгө алышкан. Анын жыйынтыгында диний-экстремисттик багыттагы ар кандай материалдар табылган.

Ошондой эле "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун лидерлеринин бири, Чүй облусунда убактылуу жашаган, 1982-жылы туулган К.Н. кармалып, №1-СИЗОго киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KUBI
2017-12-18 12:09:04
Озу кана же кагаз баракчалары кармалдыбы.
+1
TalaCSKA
2017-12-18 13:01:46
Ушулардын лидерлери бутпой койдуго
+1
medet1983
2017-12-18 13:28:24
Ушуга окшогон динге жамынып алып ар нерсени творитеткендер кобойду
+1
pondarum
2017-12-18 18:53:47
Ушуларга окшогон дин бузарларга жакшы чара коруш керек ел дин кобойуп Ел кайсы Кудайга сыйынарын билбей калды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан