Бишкекте индиялык боевик тартыла баштады

Бишкек шаарында Болливуд боевигин тартуу иштери башталды. Бул тууралуу индиялык актёр Санджай Датт өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, Бишкекте продюсер жана композитор Рауль Миттра баштаган Болливуд кино жаратуучулары келип "Torbaaz" аталышындагы боевик жанрындагы тасманы тартуу иштерин башташкан.

Мындан сырткары Рауль Миттра да өздүк баракчасына маалымат жайгаштырып, кооз Бишкек шаары менен ырахаттанып жүргөнүн белгилеген.

Актёр Санджай Датт эң мыкты эркектин ролу үчүн "Filmfare" сыйлыгына татыктуу болгон. Ал буга чейин "Рокки", "Сүйүүнүн керемет күчү", "Сүйүү периштеси", "Менин укугум" жана башка көптөгөн тасмаларда роль жараткан.

Эскерте кетсек, буга чейин Болливуд кино жаратуучулары Кыргыз өлкөсүндө тасмада роль жаратуучу үчүн кастинг жарыялашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
luuntik
2017-12-18 13:35:07
ии мына кишинин шымы кантет суукта
+4
nurgaz
2017-12-18 17:11:36
luuntik, шымынын ичиден гамаж кийип алгандырда
0
BakytAliev
2017-12-18 14:41:23
Булар эмне биздин шаарга кызыгышып калышканбы жакында порно да тартышса керек
+2
futboler
2017-12-18 14:42:27
BakytAliev, барып кастингге катышып көрсөң
+5
rysik79
2017-12-18 15:13:28
futboler,ха-хааааа!!!
+2
rysik79
2017-12-18 15:12:55
))))
+1
urmat94
2017-12-18 16:18:42
Жакшы тарта берсин Ошко келип да тартышсын
0
erjmax21
2017-12-18 16:30:47
индиялыктар басып келатат го э Бишкекти карагылачы.
+1
AKCAHAT
2017-12-18 22:15:03
erjmax21,индиялык мн кытайлык жердин илибой тешигинде бар)) биз каалайбызбы жок . Кварталдар жок дагы шугурчулук
0
nazi25
2017-12-18 18:18:52
Колу тие элек дыш дышпы)))
+5
love.me.again
2017-12-18 20:54:24
Индиялыетаржы суйом го суйом келгиле баарынар бул Жака Бишкек ккрасивый город. Индия как я люблю тебя
-1
zheenbaev95
2017-12-18 21:49:27
Шымын кантет итке таланган тооктой болуп
0
1Adilet1
2017-12-18 23:57:27
Кино тартылып бүткөндө кыргызстандыктарга бекер койуп берсин кино театр га
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан