Бишкек ШИИББинин кызматтык унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 3 милиция кызматкери жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен саат 05:00 чамасында Бишкектин Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Бишкек ШИИББинин "102" мобилдик батальонуна таандык Ниссан Санни үлгүсүндөгү унаасы жол чыракка токтогон учурда артынан 1994-жылы туулган С.А. аттуу айдоочу Дэу Нубира үлгүсүндөгү унаасы менен сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 3 милиция кызматкери жабыркап, Улуттук госпиталга жеткирилген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.