Ош облусунун Ноокат районунда 4 жаштагы баланы айдоочу унаасы менен сүзүп кеткен. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 16-декабрда саат 15:00дөр чамасында Ноокат районунун Бостон айылында Хундай Портер автоунаасы 4 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Денесинен ар кандай жаракаттарды алган бала аймактык ооруканага жеткирилген.
Аныкталгандай унаанын ээси Баткен облусунун Кадамжай районунун 1995-жылкы тургуну болгон. Учурда бул кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы маалыматта айтылды.