Атактуу актёр Уилл Смит Инстаграм социалдык баракчасын колдоно баштады. Бул тууралуу маалыматты белгилүү ырчы Жастин Тимберлейк өзүнүн баракчасына жарыялады.
Жастин өзүнүн баракчасын актёр менен түшкөн сүрөтүн жарыялап: "Инстаграмга кош келиптирсиз, Уилл Смит. Бул #TBT (throwback Thursday) деп аталат. Бул деген сен төртүнчү күнү өзүңө жаккан эски сүрөттү жарыяласаң болот дегенди түшүндүрөт. Мага бул сүрөт жагат, анткени анда экөөбүз чогуубуз", - деген билдирүү менен коштогон.
Социалдык тармакка катталып, колдонуп баштаганына аз гана убакыт болсо дагы Уилл Смиттин баракчасына миллиондон ашык интернет колдонуучу жазылган.
Эгерде актёр башка атактуулардай болуп ар кандай фильтрлерди жана Инстаграмдын башка өзгөчөлүктөрүн колдонгонду үйрөнсө катталгандардын саны мындан да көбөйүүсүндө шек жок. Актёр азыркы тапта өзүнүн күлкүлүү түшкөн сүрөттөрүн жүктөп интернет колдонуучулардын көңүлүн буруп жаткан кези.