Бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ишин саат 14:00дө карамак. Немис-кыргыз тилдери боюнча котормочу жок болгонуна байланыштуу жарым саатка жылдырылган. Сот Айбек Эрнис уулу 2 саат өткөндөн кийин сот отуруму котормочу жолдо келе жатканын айтып, дагы жарым саатка жылдырды.
Бүгүн айыпталуучулар Жусуп Иманалиев менен Али Юксел жарыш сөз сүйлөшөт. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Шыкмаматовго коюлуп жаткан айыптар боюнча өзүнүн аргументтерин келтирип, Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялап сот залынан камакка алууну соттон сураган. Ал эми эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов ага коюлган айыптар негизсиз экенин айтып, ага козголгон кылмыш ишти "саясий кысым" катары баалап келет.
Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.