Жайыл районунда эки аял каракчылыкка шектелүүдө

Жайыл районунда каракчылыкка шектелип бир аял кармалып экинчиси изделүүдө.

Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

"2017-жылдын 15-декабрында саат 21:40та Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда европа түспөлүндөгү 80-85 жаштардагы аял аймактагы ооруканалардын бирине жаткырылгандыгы айтылат. Анын ооруканага эмне болуп түшкөндүгүн иликтөө максатында Жайыл райондук ИИБинин ыкчам иликтөө тобу ооруканага барган. Жабырлануучу Кара-Балта шаарынын 83 жаштагы К.В. аттуу тургуну экени аныкталган".

Иликтөө иштеринин негизинде белгилүү болгондой, 15-декабрь күнү арыз ээсинин үйүнө эки белгисиз аял кирип акча талап кылган. Андан соң аялды белгисиз курал менен башка чаап акчасын алып из жашырып кетишкен. Кылмыш тууралуу медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси(каракчылык) боюнча иш козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү делип мурда бир нече ирет соттолгон Кант шаарынын 39 жаштагы Д.Ф. аттуу тургуну кармалган.

Учурда кармалган шектүү жаран Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайында, ал эми экинчи шектүү делген жаран изделип жатканын кошумчалашты аталган кызматтан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
islamik
2017-12-18 18:22:18
Тооба аялдарга эмнежок деймда уйундоо эле бактылуу эне болуп жатпайбы
+1
Azatbek83
2017-12-18 18:58:49
Баары орустарго
+2
zheenbaev95
2017-12-18 21:44:12
Кайран дунуйо Эми аялдарды артынан сайгылай баштадыбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан