Ошто аткезчилик жол менен 23 тоннага жакын мандарин алып бараткан жаран кармалды

Ош облусунун Жапалак айылында 22 тонна 890 килограмм салмактагы мандаринди аткезчилик жол менен алып өтүп бараткандар кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдиргенине караганда, Ч.Н.М. аттуу Кыргыз өлкөсүнүн жараны Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаага 144 миң 500 сомдук мандаринди жүктөп, мыйзамсыз жол менен алып кирүүгө аракет кылган. Жүк өлкөгө Тажикстандан алынып келе жаткан.

Бул ишти иликтөөгө алуу үчүн Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Hanzada.sabih
2017-12-19 01:08:51
Отчетко кармашыптырда)))башка маалда корсонор кормоксон,уксанар укмаксан эленер,берген акчасын жеп
+2
toolos1982
2017-12-19 18:07:06
Ошондо кг 6сом 31 тыйындан болуп калабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан