Германиялык футболдук клубдун чабуулчусу беттеш учурунда гол киргизген соң үч жеринен жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Германиялык "РБ Лейпциг"-"Герта" футболдук клубдарынын беттешинде "Лейпцигдин" футболчусу Марсель Хальстенберг чабуулга чыгып, командадагы башка оюнчунун көтөрүп берүүсүн жыйынтыктоого шашылып, ылдамдыкта чуркап барып башы менен гол киргизгенге үлгүрдү. Бирок футболчу токтоно албай дарбазанын штангына бели менен катуу урунуп жерге жыгылган. Натыйжада футболчунун денесинде үч жерден сөөгү сынып кеткен.
Хальстенберг гол киргизгени менен, бул гол анын командасын жеңишке жеткирген жок. Анын жаракат алганына карабай "РБ Лейпциг" командасы 2:3 эсебинде атаандашына жеңилип калган.