АКШда поезд рельстен чыгып кетип шоссеге кулап түштү

АКШнын Сиэтл шаарында поезд рельстен чыгып кетип шоссенин үстүнө кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Кырсык жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 7:30 чамаларында (Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9:30) катталган. Портленд-Сиэтл багытында жүрүп бараткан поезд саатына 130 чакырым ылдамдыкта бара жатып кулаган. Натыйжада шосседеги бир нече унаа поезддин вагондорунун алдында калган. Поездде 75тен ашуун жүргүнчү бар болгон. Учурда жабыр тарткандар тууралуу маалыматтар такталууда", - деп жазылат маалыматта. Белгилүү болгондой, поезддин жолу шоссенин үстүнө кесилиш жерге курулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
madina.87
2017-12-19 08:30:21
"деп жызылат маалыматта"дегенди да ондоп койгула.
Булда бир кырсыкда,Аллах озу сактасын!
+1
kechirmeni
2017-12-19 10:26:40
Кинодогудай болуптур да. Америкалыктар ушундай катастрофа кино тартканды жакшы корушот го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан