14-декабрь күнү саат 13:00 чамасында Аламүдүн-1 кичи районунун аймагынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылган. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморов SUPER.KG'ге 19-декабрда ымыркайдын жансыз денеси табылган окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
"Кылмыш жана жаза кодексинин 100-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бирок энеси табыла элек, издөө иштери уланууда. Ал эми ымыркайдын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн түзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы чыга элек", - деди ал.