ЖЫЛНААМА, 19-ДЕКАБРЬ: "Бүкүр тоо" тасмасы аркылуу таанымал америкалык актёр Жейкоб Жилленхол 37 жашка толду

Көптөргө "Бүкүр тоо" тасмасындагы бисексуал чабандестин ролу аркылуу таанымал америкалык продюсер, театр жана кино актёру Жейкоб Жилленхол 1980-жылы 19-декабрда АКШнын Лос-Анжелес шаарында туулган. Анын актёрлукка болгон шыгы кичинесинен байкалгандыктан алгачкы ирет тасмага 11 жашында тартылган. Ал эми дүйнөлүк атак-даңкты 1999-жылы тартылган "Октябрдагы асман" фильми алып келген. Дал ушул тасмадан соң белгилүү кинорежиссёрлордон киного тартылууга сунуштар түшө баштаган. Ал эми 2005-жылы тартылган "Бүкүр тоо" тасмасындагы образынан соң атактуулуктун туу чокусуна жетип, кино сынчыларынын абдан жакшы ой-пикирлерине татыган.

Актёр тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Ашпозчулук хоббиси. Ашканага жана кожейкелерге тиешелүү китептерди чогултууну жактырат;
  • Баскетболдун ашынган күйөрманы;
  • Будда динин карманат. "Мен өзүмдү башка улуттарга караганда еврей катары сезем", - дейт ал.
  • "Супермендин кайтып келүүсү" тасмасында жөргөмүш кишинин образын аткармак. Бирок режиссёр анча таанымал эмес актёрдун аткаруусун каалап туруп алган;
  • Бир тууган эжеси Мэгги менен бирге "Донни Дарко" фильминде чогуу роль аткарышкан;
  • Көптөгөн белгилүү журналдардын сурамжылоосу боюнча "көз күйдүргөн бойдок" аталып келет;

19-декабрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан