Кечээ, 18-декабрда Кыргызпатент "Жети жаш автор" долбоорунун негизинде жаш авторлордун 7 китебинин бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз катчысы Гүлбара Кудайбердиева билдирди.
Ага маданият кызматкерлери, акын-жазуучулар жана поэзия сүйүүчүлөрү катышты. Долбоордун негизги максаты - жаш таланттарга колдоо көрсөтүү жана алардын ой-жүгүртүүлөрүн, эмгектерин калың журтка жеткирүү. Анын алкагында төмөнкү жаш авторлордун китептери жарык көрдү.
1. Келдибек Абдимиталип уулу "Энеме кат";
2. Турсунай Калмурат кызы "Бийигим";
3. Жоомарт Момуналиев "Калем сыры";
4. Дыйканбек Шамшидин уулу "Ырлар менин аярлаган казынам";
5. Перизат Алмаз кызы "Руханият";
6. Мирлан Аскаров "Иллюзия";
7. Замирбек Орозбай уулу "Сезимден өчпөс чырагым";