Москва шаарында өткөн мас-рестлинг (таяк тартыш) боюнча Дүйнө кубогунун үчүнчү этабында Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары 2-орунду багындырышты. Бул тууралуу курама команданын башкы машыктыруучусу Эрмек Курманалиев билдирди.
"Мелдеш 16-17-декабрь күндөрү өткөн. Ага Кыргыз өлкөсүнөн 16 спортчу катышып, 5 кубок жана 6 медаль жеңип алышты", - деди ал.
Күмүш медалга Бекжан Өмүралиев, Кудайназар Алимов, Вячеслав Абросимов татыган болсо, коло медалдарды Азат Таштанбеков, Русланбек Чыныбек уулу, Дилдора Рахманова багындырган.
Кыргыз спортчулары 44 медаль топтоп, 43 мамлекеттин ичинен экинчи орунга ээ болушкан.