Кыргыз спортчулары Казакстанда эң мыкты деп табылды

Кыргыз өлкөсүнүн жаш спортчулары каратэ-до боюнча Казакстанда өткөн Ачык чемпиондукта мыкты деп табылды. Бул тууралуу "Кейхацу" спорттук клубунун жетекчиси Дмитрий Казанов SUPER.KG порталына билдирди.

Каратэ-до боюнча WSKF мелдеши 17-декабрда Алматы шаарында өткөн. Ага 350гө жакын спортчу катышкан. Кыргыздын намысын "Кейхацу", "Самурай" жана "Шотокан" каратэ федерациясынын тарбиялануучулары коргогон.

"Турнир жогорку деңгээлде өттү. Биздин балдар азамат, үй ээлеринен ашып өтүштү", - деп билдирди Казанов.

Командалык оюнда биринчиликти "Кейхацу" клубунун балдары багындырган. Алар 11 алтын, 11 күмүш жана 8 коло медалга ээ болушкан. Мелдешке алты жаштан жогору балдар катышты.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
maks94.kb
2017-12-19 18:21:10
Сыймыктанабыз ийгилик силерге биздин келечек муун
+3
grace
2017-12-19 20:07:46
Азаматтар! Куттуктайбыз!
+1
barsbegKG
2017-12-20 02:40:10
Азаматсыңар! Бат-баттан ушундай мықты жаңылықтарды уғуп, оқуп турууну насип эткен болсун!
0
nishantashmativa
2017-12-20 06:47:04
Азаматтар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан