Таласта мектеп окуучусу сабалып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Талас ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 12-декабрдан 13-декабрга караган түнү Таластын Манас районунун Покровка айылында болгон. Айылдагы Баласаруу жана Покровка орто мектептеринин жогорку класстагы бир нече окуучуларынын ортосунда мушташ чыгып, жыйынтыгында техникумдун студенти 17 жашар Ж.уулу А. башынан оор жаракат алган.
"Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканадан каза болгон. Шектүү катары 9-класстын окуучусу кармалып ага Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп билдиришти аталган кызматтан.
Өспүрүмдөрдүн массалык урушу ортодогу пикир келишпестиктен келип чыккан. Алар Покровка айылынын түштүк тарабындагы талаага чыгып мушташышкан. Бүгүнкү күндө шектүү делген окуучуга соттун чечими чыгып ал үй камагына алынганын маалымат кызматтан кошумчалашты. Учурда тергөө иштери уланууда.