ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2017: Күрөш боюнча эл аралык мелдештерде Кыргыз желегин кимдер желбиретти?

2017-жылы Кыргыз балбандары ар түрдүү эл аралык мелдештерге катышып, кыргыз желегин желбиретип, жалпы эсепте 67 медаль жеңип келишти. Анын ичинде 13 алтын медаль, 26 күмүш медалдар болсо, коло медалдардын саны 28 болду. Бул жылы Кыргыз спортчулар Дүйнө жана Азия чемпиондуктарын, Жабык имараттагы Азия оюндарын, Ислам тилектештик оюндарын жана ар түрдүү эл аралык мелдештерге катышты. Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына ири мелдештерден жеңүүчү аталып, медалдарды алып келген спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Айпери Медет кызы болду.

Айсулуу Тыныбекова Кыргыздын алмашкыс сыймыгы боюнча калды

Кыргыз элинин сыймыгы, эл аралык даражадагы спорт чебери Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы 3 алтын медаль жеңип 3 жолу Кыргыз желегин желбиретти. Муну менен бирге Тыныбекова 3 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алды. Алтын медалды Тыныбекова алгачкы мелдеште эле жеңгенге жетишти. Январь айында өткөн "Иван Ярыгин" мелдешине катышып, балбан кыз 11 Кыргыз спортчунун арасынан жалгыз медаль багынтты. Мелдештин жүрүшүндө биздин спортчу Орусия жана Монголиянын 3 спортчусун жеңип, финалга чыккан. Финалда орусиялык Вероника Чумикова менен кез келип, аны мөөнөттөн мурда жеңип, алтын медалды утуп алды.

Февраль айында Айсулуу Тыныбекова Швецияда өткөн “Klippan Lady Open 2017” эл аралык мелдешине катышты. Бул мелдеште Айсулуу Тыныбекова финалдык баскычка чейин өткөн, бирок жарым финалда алган жаракатынан улам алтын медаль үчүн күрөшүүдөн баш тартып күмүш медалын тагынды.

Май айында Айсулуу Тыныбекова 2 алтын медалды тагынганга жетишти. Индияда өткөн Азия чемпиондугунда Тыныбекова 1-орунду ээледи. Финалдык беттештин жыйынтыгында Айсулуу индиялык балбанды жеңип, 2-ирет катары менен Азия чемпиону аталды.

Арадан бир апта өтүп, Айсулуу Тыныбекова Ислам тилектештик оюндарына катышты. Анда биздин балбан бардык атаандаштарын жеңип Кыргыз желегин желбиретип дагы бир алтын медаль тагынды.

Июль айында Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн "Poland Open" эл аралык мелдешине катышты. Мелдештин жүрүшүндө Тыныбекова Литва, Беларусь, Германиядан келген балбандарды жеңип, финалдык беттеште америкалык Элен Марулиске жеңилип калган. Муну менен спортчу күмүш медаль тагынды.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна Айсулуу Тыныбекова мыкты даярдык көргөн. Франциянын Париж шаарында орун алган Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Кыргыз балбаны нигериялык Аминат Олувафунмилайону, жарым чейрек финалда германиялык Лаура Мертензди жеңип алган. Жарым финалда тунистик Марва Амриге туш келип, 7:8 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Коло медаль үчүн күрөштө кытайлык Нингнинг Ронг менен туш келген. Беттештин жыйынтыгында 6:5 эсеби менен Кыргыз балбаны коло медалын тагынган.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешинде япониялык Акиё Ханайды жеңип, жарым финалда вьетнамдык балбанга туш келип, аны 36 секунддун ичинде жеңип алган. Мындан соң финалдык баскычта кытайлык Пей Сингру менен күрөшүп 1:4 эсебинде жеңилген. Жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова күмүш медалын тагынды.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова жыл ичинде 3 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль багынтып, спорттун өнүгүүсүнө салым кошкону үчүн Одесса шаарында эл аралык "Алтын мангуст" премиясына жана "Даңк" орденине татыды.

Акжол Махмудов - жаштар арасындагы мыктылардын катарында

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов эл аралык майданда жаштар арасында мыктылардын катарына кирип келет. Эл аралык мелдештерде Махмудов 2015-жылдан баштап Кыргыз элинин намысын коргоп келет. 2015-жылдан бери Кыргыз балбаны алтын медалдарды багынтып, 1 жолу гана жеңилүү ызасын тартып, күмүш медалга ээ болуп калган. Өспүрүмдөр арасында Азия (2015-2016) жана Дүйнө чемпиону (2016) Акжол Махмудов 2017-жылы Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курама командасына өттү. Алгачкы эл аралык мелдеш Акжол үчүн Азия чемпиондугу болду.

Тайбэйдеги Тайчунг шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Акжол Махмудов алгачкы беттеште үй ээсинин спортчусун, жарым финалда кытайлык балбанды жеңген. Финалда Акжол Өзбек балбаны менен кез келип, атаандашына бир да мүмкүнчүлүк бербей жеңишке жетти. Бул жеңиш менен ал Азия чемпиондугун 3-ирет багындырды.

Мындан соң Акжол Махмудов Финляндиянын Тампере шаарында өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышты. Акжол алгачкы атаандаштарын жеңип, жарым финалда түркиялык Али Османды жеңип, финалга аттанган. Финалдык беттеште анын атаандашы америкалык Камал Амир Баи болду. Беттеш учурунда Кыргыз балбандын жаракаты козголуп, толук күчү менен күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Натыйжада, америкалык балбан жалпы 16 упай топтоп Акжол Махмудовдун үстүнөн жеңишке жетти. Муну менен Акжол Махмудов күмүш медалын тагынып, эл аралык майданда алгачкы жолу жеңилүү ызасын тартты.

Жылды жыйынтыктоо алдында, тактап айтканда, октябрь айында Махмудов Түркиянын Ачык кубогуна катышты. 3 атаандашын жеңген балбаныбыз финалга өтүп түркиялык балбанга туш келди. Махмудов атаандашынын үстүнөн эч кыйынчылыксыз жеңишке жетип, алтын медалды тагынганга үлгүрдү.

Жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга ээ болгондуктан Акжол Махмудов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колунан "Даңк" орденин тагынды.

Айпери Медет кызы - Кыргыз спортундагы жаңы жүз


Айпери Медет кызы 2017-жылы күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын ичинде эң мыкты жыйынтыгын көрсөттү. Бул жылы Айпери Медет кызы Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондукта Кыргыз желегин желбиреткен алгачкы спортчу болду. Жыл ичинде Айпери Медет кызы эл аралык мелдештерде 1 алтын жана 2 коло медалдын ээси болду.

Азия чемпиондугунан ийгиликке жетпей калып, Айпери Медет кызы Ислам тилектештик оюндарына катышты. Бул мелдеште Кыргыз балбаны казакстандык спортчуну жеңип бирок, тилекке каршы, кийинки беттештерде жеңилүү ызасын тарткан. Медет кызы коло байге үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алып египеттик Самар Хамзанын үстүнөн жеңишке жетип, Ислам оюндарынын коло медалына татыды.

Мындан кийинки мелдеши Айпери Медет кызы үчүн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу болду. Анда Кыргыз балбаны швециялык, италиялык жана орусиялык атаандаштарын жеңилүүгө мажбур кылып финалдык баскычка жолдомо алган. Финалдык беттеште Айпери япониялык Ясухи Мацуйуки менен беттешип, 8:6 эсеби менен жеңишке жетип алтын медалды тагынганга үлгүрдү. Бул жыйынтык Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында алгачкы жетишкендик болду.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Айпери Медет кызы 1 жолу жеңилүү ызасын тартып, коло медалга ээ болду.

Бул жыйынтык менен Айпери Медет кызы "Даңк" орденине ээ болду.

Эл аралык майданда ийгилик жараткан спортчулардын тизмеси:

Дүйнө чемпиондугу (1 алтын, 5 күмүш жана 6 коло медалдар):

Алтын медаль:

  • Айпери Медет кызы

Күмүш медаль:

  • Акжол Махмудов
  • Жоламан Шаршенбеков
  • Роман Ким
  • Чынарбек Изабеков
  • Нурдин Донбаев

Коло медаль:

  • Айсулуу Тыныбекова
  • Апты Инаркиев
  • Мээрим Жуманазарова
  • Акбар Кенжебек уулу
  • Акылбек Талантбеков
  • Эсен Асанов

Азия чемпиондугу (4 алтын, 6 күмүш жана 15 коло медалдар):

Алтын медалдар:

  • Айсулуу Тыныбекова
  • Акжол Махмудов
  • Мээрим Жуманазарова
  • Нуртазин Каримберди уулу

Күмүш медалдар:

  • Баэль Сатиев
  • Мустафа Гасанов
  • Нураида Анаркулова
  • Жоламан Шаршенбеков
  • Калидин Асыкеев

Коло медалдар:

  • Муслим Евлаев
  • Магомед Мусаев
  • Нургазы Асангулов
  • Самат Шырдаков
  • Талантбек Акылбеков
  • Асыл Тойчуев
  • Данияр Шеримбеков
  • Марлен Асыкеев
  • Бекзат Алмаз уулу
  • Каныбек Абдулхаиров
  • Фарход Тешебаев
  • Мансур Сыргак уулу
  • Анарбек Сыдыкбеков
  • Назира Марсбек кызы
  • Роман Ким
  • Тынар Шаршенбеков

Жабык имараттагы V Азия оюндары (1 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалдар):

Алтын медаль:

  • Калы Сулайманов

Күмүш медалдар:

  • Айсулуу Тыныбекова
  • Үзүр Жусупбеков
  • Атабек Азизбеков

Коло медалдар:

  • Мээрим Жуманазарова
  • Айпери Медет кызы

Ислам тилектештик оюндары (3 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медалдар):

Алтын медалдар:

  • Каныбек Жолчубеков
  • Муслим Евлаев
  • Айсулуу Тыныбекова

Күмүш медалдар:

  • Руслан Царев
  • Үзүр Жусупбеков
  • Жанат Кайлыбаев
  • Алибек Осмонов

Коло медалдар:

  • Кайрат Түгөлбаев
  • Айпери Медет кызы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurda00
2017-12-20 19:25:14
Азаматтар!!!
0
Shekeev969798
2017-12-31 11:28:00
Калы Сулаймановдун суроту неге жок ?
0
Shekeev969798
2017-12-31 11:37:29
Алтын медаль алдыго Калы Сулайманов Фотосу канаааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан