Шыкмаматовдун соту. Судья өкүмдү угузууда

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматов, ишкер Али Юксел жана Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевдин соту уланууда. Учурда ишти карап жаткан сот Айбек Эрнис уулу өкүмдү угузуп жатат.

Мамлекеттик айыптоочу буга чейин Шыкмаматовду 8, Юкселди 8, Иманалиевди 9 жылга эркинен ажыратып алардын мүлктөрүн мамлекеттин пайдасына конфискациялоону өтүнгөн.

Бүгүнкү отурумда аларга акыркы сөз берилип, алар өздөрүн күнөөлүү эместигин билдиришкен.

Эске салсак, Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
didu
2017-12-19 20:18:32
кысым дагеле токтойлек экенда
+2
ararat...
2017-12-19 20:22:43
О.Текебаев менен А.Шыкмаматов парламенттин кузгусу эле. Экоондой чындыкты бетке эч ким айтпайт го...
+4
Alixan-Nookat.2015
2017-12-19 20:59:33
Саясий куугунтук бүтө элек окшойт, НТС каналын жабып жатат, Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Өзбекстанга бир күндө отту депутаттар колдоп берди өзбектер кайра алды. Министрлер тез тез алмашып эмне эле болуп жатат түшүнүксүз.Жолдорубуз бузулуп жол кырсыгы, кылмыштуулук көбөйдү, чоңдорубуз жаңы жылдык балатыны жасоого 15 миллион сом жумшап чардап акча жеп жүрүшөт.
+3
Otuzadyr
2017-12-19 22:46:41
Супер Жибек Сакеева жонундо маалымат жазып койунуздарчы сураныч
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан