Жыл башынан бери Баткен облусунда жол кырсыгынан 12 өспүрүм каза болгон
Баткен облусунда 2017-жылдын январь айынан бери 209 жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 54 адам каза болуп, 372 адам денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан. Ал эми жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда 62 жол кырсыгы катталып, 12 жаш өспүрүм каза болгон.
Мындан улам учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу 19-декабрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады. "Баткен ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы автобекеттерге барышып, Баткен-Бишкек маршрутунун айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, алардын унааларынын абалы менен таанышып, аларга жолдо сак болуусун жана жол эрежелерине баш ийүүсүн талап кылышты. Мындан сырткары ар бир мектептерге барышып, ата-энелер менен биргеликте окуучуларга да жол эрежелерин сактоо максатында баарлашууларды жүргүзүп жатышат", - деди Юсупова.