Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерин сүзгөн айдоочу эки айга тергөө абагына камалды. Тиешелүү чечимди 19-декабрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чыгарган.
Айта кетсек, окуя 17-декабрь күнү саат 15:00 чамасында Бишкек шаарынын Масалиев көчөсүнөн Түштүк дарбазасына кире бериш жерде болгон. Анда 1998-жылы туулган И.А. Лексус LX-470 үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кенже тескөөчүсү, милициянын кенже сержантын сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кармалган айдоочу буга чейин жол эрежесин 11 жолу одоно бузган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.