Жети-Өгүз районундагы жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 19-декабрь күнү саат 19:00 чамасында Жети-Өгүз районунун аймагында катталган. Анда 22 жаштагы айдоочу жеңил унаасы менен жолдон өтүп бараткан жөө адамды сүзүп кеткен. Жабырлануучу кырсык болгон жерден жан берген. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.
Ал эми айдоочу Жети-Өгүз РИИБине жеткирилген.